Депутат: "Эмне үчүн Кыргызстанга караганда Казакстан менен Орусияда тамеки арзан?"
"Эмне үчүн биздеги тамеки Казакстан менен Орусияда арзан?". Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков суроо салды.
"Анткени заводдор ошол жакта. Бизге келип жаткан тамекилер ошол жактан чыгат", - деп жооп берди Салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтулов.
"Демек, биз 100 пайыз импортко көз карандыбызбы?" - деп сурады депутат.
"Ооба, 100 пайыз", - деди Умтулов.