Депутат: "Эмне үчүн айрым каналдар 40-50 киши менен сапаттуу контентти беришет? КТРК толук маалымат бере албайт?"
"Кыргызстан боюнча канча киши КТРКны көрөт?" - деп суроо салды Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу.
"Санарипке өткөндөн кийин 98 пайыз республиканын аймагын камтыйт. КТРКнын 6 каналы тең бардык аймакта тартат", - деди КТРКнын директору Кайрат Иманалиев.
"Менин айтайын дегеним, азыр 2022-жыл. Силер телекөрүүчүлөрдүн жашын да карашыңар керек. Азыр 50 жашка чейинкилердин бардыгы смартфонду карайт. Телевизор көрбөй калышты. "Эмне үчүн айрым каналдар 40-50 киши менен сапаттуу контентти беришет? Ал эми сиздерде 700 адам башкалардай болуп толук маалымат бере албайт", - деди депутат.
Кайрат Иманалиев КТРКда реформа болорун убада кылды.