Депутат элге коронавирустун жаңы штаммы тууралуу маалымат берүүнү талап кылды
Депутат Тазабек Икрамов саламаттык сактоо министри Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына келип коронавирустун жаңы штаммы тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.
"Кошуна өлкөлөрдө ковиддин жаңы түрү чыгып, баары жабылып атат. Бизде ошого даярдыктар кандай? Даярбызбы? Лабораториялар барбы? Коронавирустун жаңы штаммынын кандай түрлөрү бар? Эл эмне кылыш керек? Саламаттыкты сактоо министри ошол боюнча келип маалымат берсин»,-деди ал.
Жыйынтыгында маселе календарлык планга кошулду.