SerepTV Logo

Депутат: "Элдик курултай жөнүндө Конституцияда жазылып калган соң, мыйзам кабыл алынышы керек"

Депутат: "Элдик курултай жөнүндө Конституцияда жазылып калган соң, мыйзам кабыл алынышы керек"
Буга чейин “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору президенттин өтүнүчү менен кезексиз каралып, бирок тармактык комитет тарабынан колдоо тапкан эмес. Мындан улам биз депутаттарга "Элдик курултай мыйзам долбоору бул артыкбаш бийлик бутагыбы? Же эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөбү?" деген суроо менен кайрылууну туура көрдүк. Депутат Гүлшаркан Култаеванын айтымында, Элдик курултай жөнүндө Баш мыйзамда жазылып калгандыктан, мыйзамды кабыл алуу керек. "Ошол эле учурда анын аткарылышы тууралуу механизмдерге көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Албетте, бул эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болушу үчүн жакшы ниетте жазылган. Ошол эле мезгилде кош бийликтүүлүктүн же мааниси жок иштөөгө жол бербеш керек", - деди ал. https://youtu.be/G3BcVLPz5vU