Депутат: "Элдик курултай болсо, "дежурный" аксакалдарды ошол жерге коюшат"
Буга чейин “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору президенттин өтүнүчү менен кезексиз каралып, бирок тармактык комитет тарабынан колдоо тапкан эмес. Мындан улам биз депутаттарга «Элдик курултай мыйзам долбоору бул артыкбаш бийлик бутагыбы? Же эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөбү?» деген суроо менен кайрылууну туура көрдүк.
Депутат Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, ушул сыяктуу курултайлар буга чейин далай болгон. "Курултайга аким, айыл өкмөттөр кийлигишет. "Дежурный" аксакалдарды ошол жерге коюшат. Андан пайда деле болбойт. Эл шайлоого да келбейт. Алар шайланбайт, бирок активисттерди коюп коюшат. Мен элдик курултай эмнеге керектигин деле билбейм", - деди ал.
https://youtu.be/G3BcVLPz5vU