SerepTV Logo

Депутат: "Экономика министрлиги Азия чемпиондугуна бара турган спортчулардын жол акысына эле акча бөлдү"

Депутат: "Экономика министрлиги Азия чемпиондугуна бара турган спортчулардын жол акысына эле акча бөлдү"
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Экономика министрлиги Монголиядагы Азия чемпиондугуна бара турган спортчулардын жол акысын гана төлөөгө акча бөлгөнүн айтты. "Акыркы 2 күн калганда биздин спортчуларыбызга тыйынды бөлдүрттүк. Тыйынды бөлүп бергенде да, Экономика министрлиги Монголияга бара турган гана тыйынды бөлүп берди. Калган акчаны бүгүнкүгө чейин бербей отурат. Кыргыздын желегин желбиретип жаткан спортчулардын акчасын кармабай, өз убагында берип турушсун", - деди ал.