SerepTV Logo

Нуржигит Кадырбеков: "Эгер Ширшовду "ак, таза" дешсе, сот менен далилдеп беришсин"

Нуржигит Кадырбеков: "Эгер Ширшовду "ак, таза" дешсе, сот менен далилдеп беришсин"
Кечээ, 10-майда УКМК Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Ширшовдун коррупцияга шектелип кармалганын билдирип, бирок ошол эле күнү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты. Ширшовдун кармалышына байланыштуу «кустурат, кийин коё беришет» деген пикирлер айтылып, аны легалдаштыруу аракети болуп жатат дешүүдө. Мындан улам, депутаттарга «Ширшовду легалдаштыруу аракети болуп жатабы?» деген суроо менен кайрылдык. Депутат Нуржигит Кадырбековдун айтымында, мамлекет ушундай учурда күчүн көрсөтүшү керек. "Бул өтө өкүнүчтүү. Мыйзамдын күчүн көрсөтүшү керек. Мен шайлоочулар менен жолугушуп жүрүп, ушул окуянын чоо-жайын терең билбейт экенмин. Бирок бүгүн ушундай кабар болду. Өкүнүчтүү. Тактап көрдүм. Негизинен аны Кыргызстандан чыгарбаптыр, үй камагында экен. Эгер ак, таза дешсе, сот менен далилдеп беришсин", - деди ал. https://youtu.be/FL4Inh5yt_s