Депутат: "Динозавр тиштегенин алып кетсе, депутаттардын кайсы аброю калат?"
Башкы прокурор Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранды. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев 27-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.
"Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков депутаттарга кайрылды. "Өзүбүздүн абийирди өзүбүз төкпөйлү. Бирден-бирден келип, динозавр тиштегенин алып кете берсе, депутаттардын кайсы аброю калат? Азыр фракциядан киши беребиз, бирок колдобогудай чечим чыгарып бергиле. Карагылачы, бир вице-премьер канча жолу бетибизге түкүрдү. Өзүңүз үч жолу кайрылдыңыз, бирок өкмөт сизди жоопсуз калтырды. Андыктан өзүбүздү өзүбүз сыйлайлы. Кийинки кезек сага келет», - деди ал.
Нурланбек Шакиев аны азыр талкуулоонун кереги жок экенин айтты. "Бул маселе талкууланганда өз оюңузду билдирсеңиз болот" деп жооп берди ал.