SerepTV Logo

Депутат Динара Ашимова комитет төрайымы болуудан баш тартты

Депутат Динара Ашимова комитет төрайымы болуудан баш тартты
Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова өз каалоосу менен парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков айтты. Депутат анын ордуна Винера Раимбачаеванын талапкерлигин кароону суранган. Динара Ашимова мындай чечимине Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында Жогорку Кеңештин делегациясынын төрайымынын милдетин да аткарып жатканын жүйөө келтирген.