Депутат: "Чек арага чектеш айылдарга жөлөк пул берип, пенсияны эки эсеге көтөрүп койбойсуңарбы?!"
Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин отурумунда «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда.
Депутат Таабалды Тиллаев Баткен облусундагы чек ара аймагында жашаган жарандарга колдоо көрсөтүш керек деп эсептейт.
"Бир да колдоо жок. Бир тыйын да колдоо жок. Азыр бул мыйзам долбоор менен биз губернаторго ыйгарым укукту берип жатабыз. Ал акчасы жок эмне кылат? Тескерисинче биз азыр губернаторду күчтөнтүп атып, элдин кыжырына тиебиз да. Элге маселени чечиш керек. Тажиктер тарабынан басмырлоо болуп жатат. Кечээ да биздин жарандарыбыз барымтага алынды. Элибиз кордук көрдү. Өкмөт тез арада чече турчу нерселер бар. Мисалы, ошол чек арада жашаган адамдарга жөлөк пул берип койбойсуңарбы. Ал жакта жумуш жок. Ошол жакта жашаган пенсионерлердин акчасын эки эсе кылып койбосуңарбы. Мындан казынадан көп деле акча кетпейт. Конкретүү бир кадамдарга барышыбыз керек да", - деди ал.