SerepTV Logo

Депутат: "Буудай эки эсеге кымбаттады. Демек, жакында ун да кымбаттайт"

Депутат: "Буудай эки эсеге кымбаттады. Демек, жакында ун да кымбаттайт"
"Буудай эки эсеге кымбаттады. Демек, жакында ун да кымбаттайт". Бул тууралуу кечээ, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаты Дастанбек Жумабеков билдирди. "Буга чейин буудайдын тоннасы 250 доллар болсо, азыр анын баасы биржада 500 доллар болуп жатат. Демек, жакында ун да кымбаттайт. Азык-түлүк эмне болорун ойлогондон да чочулап турам. Себеби биз импорттон көз карандыбыз", - деди депутат.