Депутат: "Башкы бажычынын эки айда кармалганы уят. Аны ким жумушка алган?"
"Бажы кызматынын төрагасы эки айда коррупцияга шектелип кармалганы уят. Аны ким жумушка алган?". Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева сурады.
Бул суроого Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берип жатып: "Ал азыр коррупцияга шектелүүдө. Күнөөлүү деп айта албайбыз. Өзүбүз үчүн да таң калычтуу окуя болду", - деди.
17-январда Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Ал өткөн жылдын октябрь айында аталган кызматка дайындалып, жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан тааныштырылган.