SerepTV Logo

Депутат Балбак Түлөбаев Улуттук банк андан кечирим сурашы керектигин айтты

Депутат Балбак Түлөбаев Улуттук банк андан кечирим сурашы керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев 20-ноябрда "Элдик" депутаттык тобунун жыйынында көтөргөн алтын маселеси боюнча Улуттук банктын жообу үчүн кечирим суроону талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Балбак Түлөбаев Улуттук банктын резервинде 51 тонна алтын бар экенин айтып, Кытайга болгон карызды жабууну сунуштаган. Эл өкүлү Башкы прокурордон Улуттук банктын ЖМКларга жарыяланган жообуна баа берүүнү суранды.

edita