Депутат Бактыбек Сыдыков: "Келиндеримди өз кызымдай көрөм. Уулдарымдан да жакшы көрөм"
"Депутаттын кеңсесинде конокто" рубрикабыздын кезектеги каарманы Бактыбек Сыдыков жана анын кабинети болду. "Ал - Ак Үйдө эң кооз жасалгаланган кеңсе" деп узун сөз болуп келет. "Дизайндын идеясына өзүм автормун. Эски кабинеттен эмне калганын издеп көрүш керек экен" деген эл өкүлү иш бөлмөсүн көрсөтүп, үй-бүлөсү тууралуу да суроолорго жооп берди.
"Менин төрт уулум бар. Жубайым экөөбүздүн турмуш курганыбызга 31 жыл болду. 2 уулум үйлөнүп, неберелүү кылышты. Кызым жок, бирок төрт уулдуумун. Келиндеримди өз кызымдай көрөм. Балдарымдан да жакшы көрөм", - дейт ал.
Ал жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп, уулдарына көп мамлекеттерди көрсөткөнүн айтат. "Акыркы жылдары Кыргызстанды көрсөткөнгө аракет кылып жатам. Өзүм Ат-Башы, Ак-Талааны көрө элек элем. Көрүп келдим. Мен көрбөгөн Кыргызстандын булуң-бурчу калган жок", - дейт ал.