SerepTV Logo

Депутат: "Байсалов өзү Соцфондго канча төлөдү? Ал мурда жумушу жок жүргөн да"

Депутат: "Байсалов өзү Соцфондго канча төлөдү? Ал мурда жумушу жок жүргөн да"
Пенсия реформасы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун "Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес" деп айтканы сынга кабылды. Кийин ал бул сөзүн элдин көңүлүн бурдуруу максатында айтканын түшүндүрдү. SUPERTV "Учурда сөз болуп жаткан пенсия реформасын колдойсузбу же каршы болосузбу? Элдин көңүлүн бурдуруу максатында сиз эмне кылдыңыз эле?" деген суроо менен депутаттарга кайрылды. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Кыргызстанда пенсиянын көлөмү аз. "Соцфонд акчаны араң эле таап жатат. Пенсионерлердин саны жылына 20 миңге көбөйүүдө. Пенсияны да көтөрүш керек. Ошондо бизге 20 миллиард сом керек болот. Ошол акчаны бир жерден табыш керек. Бул популярдуу эмес чечим. Митингге чыкса, пенсионерлер чыгат го", - деди ал. Ал ошондой эле Эдил Байсаловдун сөзүнө токтолуп, өз оюн айтып, коркуп кетти деп эсептейт. "Коомчулук ошону ойлонсун деп айткан жок. Ал өзү канча сом Соцфондго төлөдү. Ал мурда жумушу жок жүргөн да",- деди ал. https://youtu.be/j3WdLNT9Cn8