SerepTV Logo

Депутат: "Бишкектен Москвага учуу кымбат болуп жатканын тез арада чечишибиз керек"

Депутат: "Бишкектен Москвага учуу кымбат болуп жатканын тез арада чечишибиз керек"
Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин отурумунда депутат Улугбек Ормоновдун жарандык авиация жаатындагы маселелерди кароону кийинкиге калтыруу сунушун колдоду. Депутат комитеттен отурумга толук катышууну суранды, анткени күн тартибинде авиация жаатында, жолдор боюнча дагы көптөгөн маселелер турарын айтты. “Бүгүнкү күндө Москва-Бишкек багытындагы авиабилеттин бассы 8 миңден 15 миң сомго чейин экен. Ал эми Бишкек-Москва багыты боюнча билеттин баасы 50 миң сомго чейин жетет. Эмне үчүн ортодо чоң айырмачылык жаралып жатат? Өзбекстан менен Казакстанда ошол эле багыттар эки эсе арзан. Бизде гана өзүбүздүн жарандарга баалар кымбат. Орусиялыктар арзаныраак учуп жатышпайбы. Бул маселени тезинен чечишибиз керек”, - деди ал. Анын айтымында, министрлер жана ведомство башчыларынын отурумга келбегени, алардын бул маселени чечкиси келбейт дегенди билдирет. «Ошондуктан кийинки жолу келүүнү камсыздоону суранам. Биз бир айдан бери чогулуп, отурум өткөрө албай жатабыз», - деп кошумчалады депутат.
edita