SerepTV Logo

Депутат аскер кызматкеринин сабалган видеосу боюнча: "Эмнеге суицид болот десе, себеби ушул экен"

Депутат аскер кызматкеринин сабалган видеосу боюнча: "Эмнеге суицид болот десе, себеби ушул экен"
Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев аскер кызматкеринин сабалган видеосу боюнча өз оюн айтты. "Аскерде баланы ур-токмокко алып жаткан видео тарады. Муну көргөн ата-эне кандай ойдо калды? Биз Коргоо министрлигине каражат бөлүп берип, жигиттерди мекенди коргоого, курал кармагандай тарбиялагыла десек, мамилеси, тарбиясы ушул болуп жатат. Муну териштириш керек. Эмнеге суицид болот десе, себеби ушул экен. Бул видео чыгып кетти. Чыкпаганы канча?" - деди депутат. Социалдык тармактарда аскер кызматкеринин сабалган видеосу тарап жараган. Видеодо рингде бир аскер кызматкери экинчисин сабап, тепкенин көрүүгө болот. Мушташ бир нече мүнөткө созулат. Алдын ала маалымат боюнча, катышуучулардын баары Коргоо министрлигинин “Илбирс” атайын бөлүгүнүн аскер кызматкерлери. Коргоо министрлиги «Илбирс» атайын багыттагы бөлүгүнүн бир жоокери экинчисин сабап жатканы тартылган видеого байланыштуу түшүндүрмө берип, окуяны жоокерлерди кабыл алуудагы сынак деп атаган.