SerepTV Logo

Депутат Арсланбек Малиев өлкөнүн атын өзгөртүүнү сунуштады

Депутат Арсланбек Малиев өлкөнүн атын өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кыргызстандын атын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-декабрда парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин аталышы «Кыргызстан» же «Кыргыз Республикасы», бирок алардын биринде да кыргызча сөз жок: «стан» фарс тилинде, «республика» грек сөзү. "Муну өзгөртүү керек" деди ал.

Жогорку Кеңештин спикерлигине талапкер Талант Мамытов Малиев глобалдык маселелерди көтөрүп жатканын айтты. Ал эми экинчи талапкер: “Биз адегенде элди тойгузганча тойгузушубуз керек, анан сиздердин суроолоруңузга кайрылсак болот”, - деди.