SerepTV Logo

Депутат: "Ардагерлер аз калды. Жеңиш күнү аларга 1 миллион сомдон берели"

Депутат: "Ардагерлер аз калды. Жеңиш күнү аларга 1 миллион сомдон берели"
"Ардагерлер аз калды. Жеңиш күнү аларга 1 миллион сомдон берели". Бул тууралуу депутат Равшан Сабиров бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. "Эки айдан кийин Жеңиш күнүн белгилейбиз. Ардагерлердин саны өлкөдө аз калды. Эң көп калктуу Кара-Суу районунда 20га чукул ардагер калган. Быйыл ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине сый-урмат көрсөтүү иретинде жок дегенде, 1 миллион сомдон бериш керек", - деди депутат.