Депутат Алтынбек Сулайманов эл өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады
Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Бул сунуш күн тартибине киргизилди. Жыйындын экинчи бөлүгүндө каралат.
Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
"Преференциалдык шайлоо ыкмасы бир мандаттуу шайлоонун да ролун аткарат десек болот. Экинчиден, эл бир партияны эмес, анын тизмесиндеги өзүнө жаккан талапкерди тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, 90-катарда турган талапкер көп добуш алса, мандат берилет. Муну менен партия лидерлеринин кызыкчылыгына да бөгөт коюлат", — деди Сулайманов.
Эл өкүлү бюллетенге партиянын аталышы жана анын мүчөлөрүнүн тизмедеги номери (аты-жөнү жазылбайт) жазыларын айтты. Ошону менен катар ал сунушталып жаткан бюллетендин үлгүсүн көрсөттү.