Депутат Ажибаев: "Баткен менен Лейлекти бириктирген жолду сел алып кеткен. Бир жылдан бери жасалбай турат"
"Баткен менен Лейлекти бириктирген жолду сел алып кеткен. Бир жылдан бери жасалбай турат". Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда депутат Чыңгыз Ажибаев жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Баткен району менен Лейлек районун бириктирген жолдун 334-чакырымында Белес участкасы бар. Өткөн жылы жолду сел алып кетип, ушул күнгө чейин жасалбай турат. Бир унаа араң өтөт. Ошонун себебинен көп жол кырсыгы катталууда", - дейт депутат.