SerepTV Logo

Депутат: "Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун билетине акча бөлүнбөй жатат"

Депутат: "Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун билетине акча бөлүнбөй жатат"
Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун билетине акча бөлүнбөй жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди. "Бул маселе саат 11де чечилиши керек болчу экен. Монголияга уча алышпай жатат. Финансы министрлиги билетке акча которбой жатат. Бул - Кыргыз мамлекетибиздин намысын коргогон спортчуларга болгон мамиле. Алар "фонд ачып туруп, элден акча топтоп барбайсыңарбы?" деп айтыптыр. Бул эмне деген мамиле? Акчаны тез бөлүп бериш керек", - деди ал. Балбандар Азия чемпиондугуна катышууга бармак. Турнир 19-апрелде Улан-Батордо (Монголия) башталат.