Депутат Абиров: "Азык-түлүктүн кымбатташы боюнча бийлик 1-2 күндөй жетишпей калышты"
"Азык-түлүктүн кымбатташы боюнча бийлик 1-2 күндөй жетишпей калышты". Бул тууралуу SUPERTV‘нын «Собол тайм» рубрикасынын алкагында жооп берип жатып депутат Жаныбек Абиров айтты.
Соңку күндөрү өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. «Бул жаатта бийликтин жүргүзгөн ишине депутаттар кандай баа беришет? Эл түшкөн дүрбөлөңгө алар же үй-бүлөсү да түшүп, базарга барып, азык-түлүктү бастырып сатып алдыбы?». Ушундай суроо менен депутаттарга кайрылдык.
"Бийлик тараптан 1-2 күндөй жетишпей калышты. Азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүп кетиши бир жагынан ажиотажга түшүү, экинчи жагына туура эмес маалымат жеткирилип калышынан улам болду. Буга спекулянттарды да салымы болду. Биздин үй-бүлө дүрбөлөңгө түшкөн жок. Эл өкүлү болуп алып, жыйындан чыга калып, келинчегиме чалып, ал апама чалып жатканы туура эмес да", - деди Абиров.
https://www.youtube.com/watch?v=qS-BePKLJd8&t=121s