SerepTV Logo

Дастан Бекешев Улуттук банкка блогерлер менен иштешүүнү сунуштады

Дастан Бекешев Улуттук банкка блогерлер менен иштешүүнү сунуштады
Депутат Дастан Бекешев Улуттук банкка элдин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында блогерлер менен иштешүүнү сунуштады. Ал мындай сунушун бүгүн парламенттеги жалпы жыйынга катышып жаткан мекеме өкүлдөрүнө берди. "Акыркы убакта бизде финансылык пирамидалар көбөйдү. Элде насыя боюнча суроолор көп. Былтыр пандемиядан улам насыяны төлөө мөөнөтү жылдырылды эле, быйыл кандай болот деген да суроолор бар. Негизи элде суроолор толуп кетти. Андан тышкары элди финансылык сабаттуулугун жогорулатыш керек. Телеканалдар аркылуу гана эмес, соцтармакта катталуучулары көп блогерлер менен чогуу иштеш керек. Алардын өзгөчөлөнгөн контенти деле жок. Сиздер менен түз эфирге чыккан блогерлерге да пайдалуу болмок. Эмне үчүн болбосун? Улуттук банк бизде консервативдүү, жабык институт. Мындан улам көп жарандар өз суроолоруна жооп ала албай калып жатат. Силер мындай кадамдарга даярсыңарбы?» - деди ал. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева финансылык сабаттуулук боюнча мамлекеттик каналдарда, радиолордо тынымсыз маектер уюштурулуп жүргөнүн айтып, блогерлер тууралуу сунушту эске аларын белгиледи. Дастан Бекешев Улуттук банк өкүлүнө эртең соцтармакта чогуу түз эфирге чыгууну сунуштап, ал макул болду.
Unknown Author