SerepTV Logo

Дастан Бекешев парламенттик шайлоого катышаарын билдирди. Бирок элдин акчасы менен

Дастан Бекешев парламенттик шайлоого катышаарын билдирди. Бирок элдин акчасы менен
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алдыда боло турчу парламенттик шайлоого катышаарын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм каналына жазып чыкты. Бекешевдин айтымында, ал парламенттик шайлоого эч кимге көз каранды болбой катышат. Бирок бул үчүн ага акча керек. Жана акчаны ал элден сурап жатат. "Мен VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна өз алдынча катышууну чечтим. Мен чындыкты айтууга жана жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын коргоодон коркпоого сөз берем. Бирок мага элдин жардамы керек. Ар ким өз ыктыяры менен материалдык жактан жардам бере алат. Шайлоо мен көп акча короткум келбейт. 5 миллион сом мага жетиштүү. Башкалар коротуп жаткан каражатка салыштырмалуу бул 5 миллион сом өтө эле аз. Бул акчаны социалдык тармактардагы жарнамаларга, бир-эки жарнак такталарын алууга, үгүт материалдарын басып чыгарууга жана үгүт кызматтарына акы төлөөгө жумшайм. Себеби шайлоодо агитаторлор сөзсүз керек. Албетте, добуш сатып алууга эмес. Кийинчерээк чыгымдардын деталдуу сметасын жарыялайм. Эгер мен бизнесмен болсом, анда материалдык жардам сурабайт элем. Айрыкча жарандардын көпчүлүгү акчага муктаж болуп турган убакта. Бирок акчасыз мен шайлоо өнөктүгүн жүргүзө албайм", -деп билдирди Бекешев. Ошондой эле ал эгерде жүйөлүү себептерден улам шайлоого катыша албай калса, анда топтолгон акча каражаттарын билим берүүгө байланыштуу кайрымдуулукка жумшаарын кошумчалады.   .
Unknown Author