SerepTV Logo

Дастан Бекешев: "Өлкөбүз мыйзам чегинде иштебей калды"

Дастан Бекешев: "Өлкөбүз мыйзам чегинде иштебей калды"
Өлкөбүз мыйзам чегинде иштебей калды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ЖКнын кезектеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, комитеттин отуруму жок дегенде "эл көзүнө" өтүшү керек. "Жок дегенде комитеттин жыйыны "эл көзүнө" өтүшү керек да. Көрсөтүш керек да "мында комитеттин отуруму болгон" деп. Башка мамлекеттер да муну карап жатышат. А бизде болсо, керек болсо комитеттин чечими да жок. Өткөн жумада автор ким десек, алар да табылбай жатат. Мына азыркы "докладчик" керек болсо, мыйзам долбоордун так атын билбейт. Эми кечирип койсун бирок, көрсөткүч ушундай болуп жатпайбы",- деди ал. Депутаттын айтымында, күн тартибине "Референдум жөнүндө мыйзам долбоорду" киргизүүгө болбойт. Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, күн тартибиндеги маселе каралып жаткан учурда депутат Бактыбек Турусбеков күн тартибине "Референдум жөнүндө мыйзам долбоорун" киргизүүнү өтүндү.
edita