SerepTV Logo

Дастан Бекешев: "Митинг шайлоо үчүн эмес, социалдык көйгөйлөр үчүн болушу мүмкүн"

Дастан Бекешев: "Митинг шайлоо үчүн эмес, социалдык көйгөйлөр үчүн болушу мүмкүн"
Бул шайлоо туруктуулук алып келет деп ишенерин бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев билдирди. "Өлкөдө эч кандай баш аламандыктар болбойт. Анан кандай жыйынтык болбосун, менимче аны кабыл алуу керек болот. Эгер мыйзам бузуулар болсо, албетте, кайрылуу керек. Бардыгы мыйзам чегинде өтүшү керек. Менимче ошондой болот”, - деди ал.  "Митингдер күтүлүп жатабы?" деген суроого ал митингди күтпөөрүн айтты. «Эгерде митингдер болушу мүмкүн болсо, бул шайлоо эмес, социалдык көйгөйлөргө байланыштуу болушу ыктымал. Анткени электр жарыгын өчүрүп атышат, кээ биринде көмүр жок, кээ биринде акча жок. Башкача айтканда, мындай көйгөйлөр боюнча бардыгы мүмкүн», - деди депутаттыкка талапкер.