SerepTV Logo

Дастан Бекешев: "Чек ара маселесин президенттер гана чече алышат"

Дастан Бекешев: "Чек ара маселесин президенттер гана чече алышат"
12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Жаңжалдын жүрүшүндө тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганын Чек ара кызматынан билдиришти. Чыр-чатактан улам 18 миңден ашуун тургун коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Мындан улам, SUPERTV’нын "Собол TIME" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга "Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек?" деген суроо менен кайрылдык. Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, эки президент отурушу керек. Алар дайыма байланышта болуп, бир саясий чечимге келиши керек. "Делимитация азыр оорчундуу маселе. Бул бүгүн же эртең чечилбейт. Чечилсе деле дайыма ушундай боло берет. Бизге ынтымак керек. Экономиканы өнүктүрүшүбүз керек. Элди дагы бири-бири менен тыгыз мамиледе болууга камсыздоо керек. Согуш бизге да, аларга да кереги жок. Чек арачылардын сүйлөшүүсүнөн эч майнап чыкпайт, президенттен сүйлөшүп чечиши керек",- деди ал. https://youtu.be/iNGkqmRpdq4