Бекешев: "Аэропортто Кыргыз жарандарын чет өлкөнүн жарандыгын алган балдарынан ажыратып коюу акылга сыйбайт"
"Бизде Кыргыз жарандары башка өлкөдөн учуп келгенде алардын балдарына байланыштуу маселе жаралып жатат. Тактап айтканда, ата-энеси Кыргыз жарандары, бирок 16 жашка чейинки баласы башка өлкөнүн жараны болсо, баланын ата-энесин Кыргызстанга киргизет экен. Бирок «жашы жете элек балдарды бул жакка таштагыла» дейт экен. Бул деген акылга сыйбаган нерсе да", - деди депутат Дастан Бекешев бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында.
Анын айтымында, өспүрүмдүн ата-энеси Кыргызстандын жараны болуп жаткандан кийин, өлкөгө кирүүдө ага маселе жаралбашы керек.
"Жакында эле ушул маселеге белгилүү спортчубуз кабылды. Аты-жөнүн айтпай эле коеюн. Биз бул адам менен сыймыктанабыз, мактанабыз. Ал эми аэропортко келгенде, "айып пул төлөмөйүн, маалымкат алып келмейинче өлкөгө киргизбейбиз" дешиптир. Ата-энесин ТИМге, УКМКга жөнөтүптүр. Бул туура эмес да. 16 жашка чейинки өспүрүм ата-энеси жок кайда качмак эле", - деди ал.
Ал эми буга өкмөттүн өкүлү бул иш териштирилери, депутатка расмий жооп берилерин айтты.