"Даңазалоо керек". Депутат Тазабек Икрамов калпакты мектеп формасы катары киргизүүнү сунуштады
"Мен 6-чакырылышта бир топ маселе көтөргөм. Башталгыч класстарга комуз сабагын киргизүү, анан Манас идеологиясын киргизүү керек", - деди депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында.
"1-4-класска чейин бир түстөгү калпак, андан кийинкисине бир түрлүү калпак. Чоң класстарга өзүнчө түстүү калпакты кийгизүү. Себеби ар бир мектепте форма кийип келет да. Ак калпагыбызды дагы даңазалоо керек. Ата-бабабыздан калган салттуу кийимдерибизди мектепке киргизүүнү 6-чакырылыштан бери көтөрүп келе жатам. Ушуну карап, киргизип берсеңиз жакшы болмок", - деди ал.