SerepTV Logo

Дайырбек Орунбеков Садыр Жапаров түшкөн сүрөт тууралуу: "Саясат жасап, шакаба кылуу орунсуз деп эсептейбиз"

Дайырбек Орунбеков Садыр Жапаров түшкөн сүрөт тууралуу: "Саясат жасап, шакаба кылуу орунсуз деп эсептейбиз"
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы мектептердин биринде диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабакка пландан тышкары катышкан. Президенттик аппараттан сүрөт менен бөлүшкөн. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөгү жазууну талкууга алышты. Буга президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жооп берди. "Жакшы билесиздер, мектептерде орус тили, математика, химия деп бөлүнгөн класстары болот. Предметтерге ылайык, класстын ичи дагы ылайыкташып жасалгаланат. Президент мектепти плансыз эле кыдырып жүрүп, орус тили кабинетине кирген учурдагы тартылган сүрөт. Аны бурмалап, саясат жасап, шакаба кылуу орунсуз деп эсептейбиз", - деди ал.
edita