SerepTV Logo

Дагы бир партия "Эмгектин" добуш сатып алганын билдирди

Дагы бир партия "Эмгектин" добуш сатып алганын билдирди
"Эмгек" партиясынын мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңештеги шайлоодо добуш сатып алышкан. Бул тууралуу "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Facebook социалдык тармагына жазып чыкты. Анын айтымында, партиянын мүчөсү мыйзам бузуу менен добуш сатып алган. Тактап айтканда, шайлоочуларды үгүттөө үчүн өз кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимдерди түзбөстөн квартал сайын акча төлөп келген.  "Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер Русланбек Жакышов "Эмгек" партиясынын үгүт баннерлерин акысыз илип, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, Арча-Бешик конушуна саркынды суу түтүгүн тартууга кеткен чыгымдын 50 пайызын каржылоону убада кылды. Мындай аракеттери үчүн "Эмгек" партиясы Кылмыш-жаза кодексинин "шайлоочуларга пара берүү" беренеси боюнча жоопко тартылышы керек", - деди Султанбеков. Кечээ, 7-майда "Ак-Бата" партиясынын лидери да "Эмгек" партиясын жарыштан четтетүү керек экенин баса белгилеп, кайра шайлоо өткөрүү керек экенин жазып чыккан. Ал партия шайлоодо добуш сатып алган деген жүйө келтирген.
edita