SerepTV Logo

Дагы бир депутат мандатын тапшырды

Дагы бир депутат мандатын тапшырды
Бүгүн, 16-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата-Журт Кыргызстандан” депутат Чынберди Төлөновду мандатынан ажыратты. Ал буга чейин БШКга арыз жазган. Чынберди Төлөнов 2023-жылы ноябрь айында диплом маселесинен улам мандатынан ажыраган депутат Фархат Исмаиловдун ордуна келген эле. Анын мандаты “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки турган Жайлообай Нышановго берилди. Буга чейин 7-чакырылышта 21 депутат мандатын тапшырышкан.