Дагы 3 талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-ноябрдагы жыйында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирген талапкерлердин кайрылуусун карады.
Шайлоого катышуудан баш тарткан үч талапкер:
- Айталиев Таалайбек Дөөлөтказиевич — №21 Талас шайлоо округу;
- Маматалиев Нурбакыт Мухтарович — №7 Ош шайлоо округу;
- Саяк кызы Элзат - №33 Нарын шайлоо округу.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча 288 талапкер катышат.