Чүй облусунун башчысы болуп Эркин Тентишев дайындалды
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эркин Тентишев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка бүгүн, 10-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Мирбек Мияров башкарып келген.