Чолпонбек Абыкеев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Анын ордуна ким келди?
Чолпонбек Абыкеев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Абыкеев мамлекеттик катчы кызматынан бошотулду.
Ал эми мамлекеттик катчы кызматына Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Ал буга чейин президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалап келген.