SerepTV Logo

Чолпон-Ата шаарында өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имаратынын курулушу башталды

Чолпон-Ата шаарында өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имаратынын курулушу башталды
Чолпон-Ата шаарында жаңыдан курулуучу өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имаратынын пайдубалына капсула салуу иш чарасы болуп өттү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Бул имаратты куруу кыргыз өкмөтү менен Кореянын эл аралык кызматташтык уюму (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин натыйжасында ишке ашырылып жатат. Салтанатка Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бёнг Сок жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлейн катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Корея парламентинин төрагасы Пак Бёнг Сок дүйнө жүзү боюнча табигый кырсыктар күндөн-күнгө көбөйүп жатканына токтолуп, аны азайтуу ар бир өлкө үчүн маанилүү милдет болуп калгандыгын кошумчалады. Ал ошондой эле, табигый кырсыктардан коргонуу алкагында эки өлкөнүн улуттук потенциалын жогорулатуу боюнча кыргыз мамлекетинин аракеттерин кубануу менен колдоорун баса белгиледи. Эскерте кетсек, 3-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Ал 5-апрелге чейин улана турган сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.  
Unknown Author