"Чек ара маселелери сүйлөшүлдү". Москвада Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары жолукту
Кечээ, 1-апрелде Орусиянын Москва шаарындагы КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушууларын улантуунун зарылдыгына басым жасашты. Аталган делегациялардын кийинки сүйлөшүүлөрүн жакынкы аралыкта Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылды.
Ошондой эле тараптар жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны мыйзамдуу каттоонун аяктоосу эки өлкөнүн мамилелеринин бардык чөйрөлөрүндө оң таасирин тийгизет деген бирдиктүү пикирде болушкан.
Аны менен катар эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери өзгөчө чек ара аймактарында элдердин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешип, маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү тажрыйбасын жөнгө салуу, чек арага чектеш райондордо өткөрүлүүчү концерттерге жана фестивалдарга өз ара катышуу, анын ичинде билим берүү, спорт, туризм, этникалык азчылыктарды өз ара колдоо чөйрөсүндөгү кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишишти.
Ошондой эле өз кезегинде Кыргызстандын министри Руслан Казакбаев кесиптешине Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү Лахш (мурунку Жергетал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтерин күтүүсүздөн текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун айткан.