SerepTV Logo

Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду

Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду

УКМК төрагасынын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Шаршеев Уларбек Зарлыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

edita