Депутат: "Жаңжал чыккан чек арадагы айылдарга эми эл барып жашайбы?"
Баткендиктерге 50 же 100 үй салып берүү менен маселе чечилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев бидирди. Анын айтымында, чек арадагы маселе ачык айтылып, угулушу керек.
"Мен 5 жылдан бери айтып келатам. Бир да жолу маселени ачык караган жокпуз. Күнөө бизде да бар. Балким биз ошондо карасак, бул күн болмок эмес. Эми жөн эле угуп коё бербей, президент, өкмөт Баткенге өзгөчө макам берүүнү сунуштап жатышыптыр, угушубуз керек. Эми ошол айылдарга эл барып жашайбы же жашабайбы бул экинчи маселе. Үй салып берүү менен маселе чечилбейт", - деди ал.