Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Камчыбек Ташиев Ташкентке кетти
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз өкмөтүнүн делегациясынын башчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ кыргыз-өзбек чек арасы боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ташкентке (Өзбекстан Республикасы) учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жыйыны болот.
Өкмөттөр аралык делегациялардын жыйыны 24-25-мартта өтөт. Сүйлөшүүлөрдө Өзбекстандын атынан премьер-министр Абдулла Арипов катышат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүүнү макулдашышкан, аларды жакынкы арада ишке ашыруу пландаштырылууда.