SerepTV Logo

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы социалдык тармакта бийликке сын айткан активисттердин бошотулушун талап кылды

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы социалдык тармакта бийликке сын айткан активисттердин бошотулушун талап кылды
Кечээ, 16-мартта "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Бекмурат Ооган уулу УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул маалымат аталган саясий партиянын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Мындан тышкары, саясий партия бийликке сын айткан активисттердин кармалышы боюнча тынчсызданып жаткандарын билдирген. "Бүгүн, 16-мартта "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Ооган уулу Бекмуратты күч кызматкерлери кармап кетишти. Бекмурат учурда УКМКнын тергөө бөлүмүндө сурак берип жатат. Биздин партияда он жылдан ашуун активдүү мүчө болуп келе жаткан Бекмурат Фейсбукта жазган пост үчүн кармалды. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы бийликти сындаган активисттердин кармалып жатышы боюнча терең тычсыздануусун билдирет. Аны менен катар бийликтен саясий мотив менен куугунтук жасоону токтотууну талап кылат. Социалдык тармакта бийликке жакпаган пикир билдиргени үчүн укук коргоо органдары мындай катаал чара колдонуп, басмырлоосун биз сөз эркиндигине болгон кысым деп түшүнөбүз. Шайлоо алдында активдүү жаштарды коркутуп-үркүтүп жаткан азыркы бийликтин мындай аракеттери өздөрүнө аброй алып келбейт. Социалдык тармакка жазган пикири үчүн кармалган жарандык активисттерди жана "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү Ооган уулу Бекмуратты тез аранын ичинде бошотууну талап кылабыз",- деп айтылат маалыматта.  
edita