Бүгүн президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга кетти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти.
Мамлекеттик сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.
Ошону менен бирге сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, алдыдагы мамлекеттик сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.