Бүгүн президент Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барат
Бүгүн, 11-мартта мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Анда алар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрөт.
Аны менен катар иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес форумун да өткөрүү пландалган.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун алгачкы чет элдик иш сапары Орусияда өткөн. Андан кийин Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен барды. Алдыда Түркияга барары күтүлүүдө.