Бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралат.
Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат:
- Төраганын орун басары Таалатбек Масадыков;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
- Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров;
- Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
- Башкы прокурор Курманкул Зулушев;
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;
- ички иштер министри Улан Ниязбеков;
- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
- коргоо министри Бактыбек Бекболотов.