Бүгүн "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт
Бүгүн, 14-майда «Кумтөр» алтын казуучу компаниясынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
12-майда Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын ачык отуруму комиссиянын башчысы, депутат Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн. Ал ошол жыйында финансылык экономикалык топтун ишинин алдын ала жыйынтыктарын айткан.