SerepTV Logo

Бүгүн Жогорку Кеңеште кайсы маселелер талкууланат?

Бүгүн Жогорку Кеңеште кайсы маселелер талкууланат?
Бүгүн, 25-мартта саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйындын күн тартиби (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн): 1. Ар кандай маселелер; 2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, “Мамлеккеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Тиллаев Т.Г., Турсунбаев А.А., Зулпукаров Т.З., Алтынбеков А.); 3. “Баалоо ишмердиги жөнүндө” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Абжалиев А.Т.); 4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жарандык процесстик кодексине, Жазык кодексине, Күрөө жөнүндө мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет), демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А.); 5. “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы тууралуу; 6. “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеӊештин 2019-жылдын 26-декабрындагы №3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
edita