Бүгүн Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы боюнча жактоочунун доо арызы каралат
Бүгүн, 18-мартта саат 12:00дө Бишкек шаардык сотунда Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы боюнча жактоочунун доо арызы каралат. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, адвокат Замир Жоошев Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Фарид Ниязов 10-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандык үчүн шектелип кармалган.