SerepTV Logo

Бишкекте бүгүн парламентти таркатууну талап кылган нааразычылык акциясы өтөт

Бишкекте бүгүн парламентти таркатууну талап кылган нааразычылык акциясы өтөт
Бишкекте бүгүн, 27-январда жарандык активисттер парламентти таркатууну талап кылып нааразылык акциясын өткөргөнү жатышат. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, нааразычылык акциясы Ак Үйдүн алдында өтөт. Өлкөдө 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келди. Октябрдын аягында Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүн 2021-жылдын июнуна чейин узарткан. Буга өлкөдөгү саясий, экономикалык кырдаал жүйө келтирилген.
edita