БУУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты
Бириккен улуттар уюму Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатат. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын маалымат катчысынын орун басары Фархан Хак билдирди.
«Биз тынчсыздануу менен көз салып жатабыз, билдирүүлөрдү көрдүк. Ошондой эле, Тажикстан дагы, Кыргызстан дагы ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашканын жарыялаганынан кабардарбыз. Эгерде чындыгында ушундай болсо, биз аны кубануу менен кабыл алабыз », - деди Хак брифинг учурунда.
Ошондой эле, өкүл БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө үндөйт деп кошумчалады.
29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында «Головной» аймагындагы жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан чырдан улам эки мамлекеттин аскер кызматкерлеринин ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Жабыркагандар жана каза болгондор жөнүндө кабарланды. Кийинчерээк тараптар ок атышпоо келишимине келишкен. Баткен өкүлчүлүгү учурда абал тынч экенин, ок атышуу токтотулганын билдиришти.